Өзгөндө турак үй өрттөнүп кетти
Бүгүн, 22-апрелде Өзгөн районунун Өзгөн шаарындагы Улукбек көчөсүндө жайгашкан турак үй өрттөнүп кетти. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, кырсык чыккан жерге өрттү өчүрүүгө эртең мененки саат 9:48де Өзгөн райондук №53 өрткө каршы бөлүктөн 1, буга кошумча саат 10:04тө №103 өрткө каршы бөлүктөн 1 күжүрмөн эсеп тартылган. Жеринде жалпысынан 2 күжүрмөн эсеп иштеди.
Өрт өчүрүүчүлөрдүн аракети менен тилсиз жоо саат 11:10до курчоого алынып, саат 13: 53тө өрт өчүрүлгөн. Учурда техногендик кырсыктын келип чыгуусу, материалдык чыгымдарын тактоо иштери жүргүзүлүүдө.
[image_carousel source=”media: 187026,187027″ limit=”20″ slides_style=”default” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”yes”]
Биздин Телеграм каналга катталыңыз