Ысык-Көлдө курал-жарактардын жашыруун жайы табылды

Ысык-Көлдө курал-жарактардын жашыруун жайы табылды

Ысык-Көл облусунда курал-жарактардын жашыруун жайы табылды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, УКМКнын Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгы тарабынан ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды жана жардыруучу заттарды мыйзамсыз жүгүртүүдөн чыгаруу боюнча ыкчам-издөө иш-чараларын уюштуруунун жүрүшүндө, 2028-Аскердик бөлүктүн сапёр-инженердик тобун жана милициянын кызматкерлерин тартуу менен, 2023-жылдын 19-апрелинде Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун тоолуу аймагынан курал-жарактардын жашыруун жайы табылып, андан төмөнкү ок-дарылар алынды:

— 1 даана Ф1 сактагычсыз гранатасы;

— 3 даана кол түтүн гранаталары;

— 1 бирдик ВОГ- 17 снаряды;

— 1 даана сигналдык патрон;

— 3 даана белгисиз үлгүдөгү чабуулчу гранаталар;

— 1 бирдик 16-калибрдеги жылмакай мылтык;

— 4 даана 7,62-калибрдеги патрондор.

Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында жогоруда аталган ок-дарыларды жана жардыргыч заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө катышкан адамдарды аныктоого багытталган комплекстүү ыкчам-издөө жана тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>