Өзгөндө турак үй өрттөнүп кетти

Өзгөндө турак үй өрттөнүп кетти

Бүгүн, 22-апрелде Өзгөн районунун Өзгөн шаарындагы Улукбек көчөсүндө жайгашкан турак үй өрттөнүп кетти.  Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, кырсык чыккан жерге өрттү өчүрүүгө эртең мененки саат 9:48де Өзгөн райондук №53 өрткө каршы бөлүктөн 1, буга кошумча саат 10:04тө №103 өрткө каршы бөлүктөн 1 күжүрмөн эсеп тартылган. Жеринде жалпысынан 2 күжүрмөн эсеп иштеди.

Өрт өчүрүүчүлөрдүн аракети менен тилсиз жоо саат 11:10до курчоого алынып, саат 13: 53тө өрт өчүрүлгөн. Учурда техногендик кырсыктын келип чыгуусу, материалдык чыгымдарын тактоо иштери жүргүзүлүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: Өзгөн ӨКМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>