Пакистан менен Ооганстан ок атышууну убактылуу токтотууну макулдашышты

Пакистан менен Ооганстан кечээ, 15-октябрда, ок атышууну 48 саатка токтотууну макулдашышты. Бул тууралуу Reuters маалымат агенттиги билдирди.
Агенттиктин маалыматында, макулдашууга абадан жана жерден жүргүзүлгөн соккулар ондон ашуун тынч тургундун өлүмүнө жана болжол менен 100 кишинин жаракат алышына алып келген окуялар себеп болгон. Бул окуялар 2021-жылы «Талибан» Кабулдагы бийликти басып алгандан берки эки ислам өлкөсүнүн ортосундагы эң олуттуу куралдуу кагылышуу болуп эсептелет.
Пакистандын Тышкы иштер министрлиги эки өлкө шаршемби күнү Бишкек убактысы боюнча саат 19:00дөн тартып 48 саатка созулган «убактылуу ок атышууну токтотуу режимин» киргизерин жана тынчтык орнотуу демилгеси Кабул тараптан түшкөнүн билдирген.
“Ооган талибдеринин администрациясынын өкүлү Забиулла Муджахиддин айтымында, ок атышууну токтотуу чечими «пакистандык тараптын өтүнүчү менен» кабыл алынган”,- деп жазды Reuters.
Эске салсак, 12-октябрга караган түнү Пакистан чек арадагы Ооганстандын Кандагар провинциясына аба соккусун жасаган. Бул Ооганстан менен Пакистандын чек арасында адам өмүрүн алган куралдуу кагылышууга алып келген.