Ысык-Көл облусунда ири өлчөмдө пара алып жатып кармалган прокурордун жардамчысы эки айга камалды. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи май райондук соттун басма сөз кызматы билдирди.
Соттун чечимине ылайык, ал 22-июлга чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин тергөө абагында кармалат.
Белигилей кетсек, прокурардун жардамчысын УКМК жана Башкы прокуратуранын кызматкерлери 22-май күнү 150 миң сом пара алып жатканда колго түшүргөн.