Согуштан кийинки дүйнө: баатыр шаарлар жана эс тутум тууралуу талаш-тартыштарБишкекте иттер сол салган баланы ооруканага жеткирген милиция кызматкери андан кабар алдыБишкекте ЖАМКтын подполковниги бассейнге чөгүп бараткан кызды сактап калды — чоо-жайыКыргызстандык спортчу Венгриядагы дзюдо турниринде биринчи орунду жеңип алдыЧуңкурчакта түлкүнү аткан жарандарга айып пул салындыБишкекте жол тандабас жөө өтмөктөн 25 жаштагы жаранды сүзүп кетип, ал каза тапты
Парламент Казакстанга армия киргизүү маселесин карабай калды
06.01.2022 | 15:16
Жогорку Кеңеш Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун алкагында Казакстанга армия киргизүү боюнча маселени талкуулабай калды. Анткени, 90 депутаттын 39 гана катышкандыктан кворум болбой калды. Кворум болушу үчүн 46 депутат жыйынга келиши керек болчу.
Орус басылмалары Казакстанга ЖККУга тиешелүү куралдуу күч киргенин жазууда. Эске сала кетсек, Казакстанда 2-январдан бери газдын кымбатташына нааразы болгон эл бир канча мамлекеттик имараттарды басып алды. Казак армиясы менен жөн жай тургундар ортосунда кагылышуулар болуп, бир канча киши өлүп, бир канчасы ар түрдүү жараат алгандары айтылууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат