Бишкек — Ош каттамындагы орун тандоо үчүн кошумча акы алынганына депутат нааразы болдуКыргызстанда буллинг жана кибербуллинг үчүн айып пул салуу жана эркинен ажыратуу сунушталууда — чоо-жайыБишкектин «Көлмө» конушунда сейил бак ачылдыАдылбек Касымалиев Минск шаарына жумуш сапары менен барат«Былтыркы сүрөт»: КУУда дене тарбия сабагы өтүлүүчү жайлар тууралуу билдирүүлөргө жооп беришти30-сентябрь: өлкөнүн айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт
Кыргызстан Казакстандагы жарандарын эвакуациялай баштады
06.01.2022 | 15:55
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Казакстандагы мекендештерин эвакуациялап жатканын РИА Новостиге билдирген.
Маалыматка караганда, Казакстанда болуп өткөн акыркы окуяларга байланыштуу Тышкы иштер министрлиги жарандарга консулдук-укуктук жардам көрсөтүүнүн алкагында Кыргызстандын жарандарын мамлекеттик чек арадан өткөрүү пункттары аркылуу эвакуациялоо боюнча иштерди жүргүзүүдө.
Министрликтин тапшырмасы менен Кыргызстандын Алма-Атадагы башкы консулдугу транспортту уюштуруп, эвакуацияга кеткен бардык чыгымдарды төлөп берген. Маалым болгондой, учурда кыргызстандыктарды өткөрүү пунктуна жөнөтүлүп, чек арадан өткөндөн кийин Тышкы иштер министрлигинин консулдук кызмат башкармалыгынын кызматкерлери тосуп алышат.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат