Жашы жете электи зордуктоого шектелгендерди жоопкерчиликтен бошоткон. Кеминде Тергөө кызматынын башчысы кармалдыИшкерлерден акча талап кылып жүргөн. Ошто жалган милиция кызматкери кармалдыПарламенттик шайлоо: БШК №13 округ боюнча кайра шайлоону токтотуп, мурдагы жыйынтыкты мыйзамдуу деп таптыКыргызстанда ЮНИСЕФтин колдоосу менен 1,2 млн долларга вакцина сактоочу кампа курулатАйыл чарба министрлиги менен нидерланддык компаниялар үрөнчүлүктү өнүктүрүү боюнча кызматташууга кол коюшту14-февралдын аба ырайы: Жаан, кар жаайт
Парламент төрагасы: Аким-мэрлер блогер болуп кетти, клоун болбогула
03.09.2025 | 11:37

Парламенттин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу шаар, район жана облус башчыларын көчөгө чыгып өзүн жарнамалап, блогер болуп кетти деп сынга алды.
Тургунбек уулу белгилегендей, алардын негизги милдети – жүктөлгөн иштерди аткаруу, ал эми эл баасын ошол учурда берет. «Сөзсүз эле пиар кылуунун кереги жок. Ош шаарынын мэри стилине жарашат, бирок башкаларга жарашпагандан кийин жөн эле маскара болуп кетет», — деди ал.
Төрага ошондой эле бийлик өкүлдөрүнө бир-экиден блогер жалдап алуу практикасынан баш тартып, ишке көңүл бурууну тапшырды.
Рубрики: Жаңылыктар