ЖК жыйынында депутат президенттин өкүлүн сыртка чыгарып салууну сунуштады

ЖК жыйынында депутат президенттин өкүлүн сыртка чыгарып салууну сунуштады

Бүгүн, 25-мартта Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында президенттин өкүлү Анарбек Калмаматов менен депутат Алтынбек Сулайманов кайым айтыша кетти. Анда шайлоо тууралуу талкууланып жаткан мыйзам долбоорунун тегерегинде пикир келишпестик орун алды.  Талкууда президенттин өкүлү мыйзамды президенттин жарлыгынан кийин кароого чакырды.

“Жакшы мыйзам экен, азыр жаңы Конституциянын долбоору жактырылды, 11-апрелге коюлуп жатат, ошол Конституция кабыл алынгандан кийин, бул мыйзам долбоорунун баары өзгөртүлөт. Экинчиден президенттибиз кечээ, шайлоо мыйзамдарын мындан ары өнүктүрүү боюнч жарлыкка кол койгон экен. Президенттин жарлыгын сыйлап коёлу, ал жакта сиз дагы (ред. Алтынбек Сулайманов) мүчө экенсиз. Эртең, отурум болот экен, ошону талкуулап коюп, анан алып чыксаңар жакшы болот деген оюмду айтып жатам”, — деди Анарбек Калмаматов.

Ага Сулайманов биринчи окууда концепциясы кабыл алынарын, ал отурумда шайлоо мыйзамы караларын айтты.

“Бул мыйзамды акырына чейин алып баралы  деген принцип жок. Бул мыйзамдын ичиндеги принцип кийинки шайлоолордо эле иштесе экен деген маселе. Сиз айткан жол менен бара беребиз, биринчи окууда концепциясын кабыл алып койсок токтойт”, — деди депутат.

Анарбек Калмаматов эл өкүлүнүн оюн түшүнгөнүн айтып, бирок президенттин жарлыгын сыйлоого чакырды.

“Паравоздун алдына чуркабай эле, эртеңки отурумдан кийин киргизсе жакшы болот беле”, — деди президенттин өкүлү.

Алтынбек Сулайманов чиновникти сөздү башка жакка бурбоого чакырды.

“Ким айтты  паравоздун алдына чуркады деп? Эмне үчүн паравоздун алдына? Сиз сөздү башка жакка бурбаңыз. Бул мыйзам жыйырманчы жылы кабыл алынган. Эки жума мурун кирерде Алтыке коёо турчу деп сиз айтпадыңызбы. Анан ким сыйлабай жатат? Кошоматчылыкты башкача чабыңыз”, — деди Сулайманов.

Калмаматов эч ким кошоматчылык кылбаганын, жөн гана президенттин жарлыгын айтып жатканын, шайлоо тууралуу мыйзамды президенттин жарлыгынан кийин деле караса болорун айтты.

Алтынбек Сулайманов: “парламент паравоздун алдына чуркап жатабы?” деп кызыкты.

Анарбек Калмаматов эртең, боло турган отурумду эскертип койгонун жана бири-бирин сыйлап сүйлөөгө чакырды.

“Бири-бирибизди сыйлап сүйлөйлү. Эчкимге кошоматчылык кылынган жок. Болгону мен президенттин өкүлүнүн милдетин аткарып жатам”, — деди Калмаматов.

Ал эми депутат Мирлан Жээнчороев, Анарбек Калмаматовду президенттин өкүлү катары оюн айтууга, юрист катары андай укугу жок экенин эскертти.

“Бул залга президенттин өкүлү катары келгенден кийин, өлкө башчынын атынан пикириңизди гана айтыңыз. Андан башкасына кызмат абалыңыз жол бербейт”, — деди эл өкүлү.

Ошондой эле, президенттин өкүлү өз билемдик кылып жатканын айтып, аны залдан чыгарып салуу керектигин кошумчалады

“Сиз сүйлөгөн сөзүңүздү карап коюңуз. Өз билемдикти залдан чыгарып салыш керек. Мындай өз билемдик болбойт. Сыйлап иштесин. Өзүнүн сүйлөгөн сөзүнө жооп бериши керек. Бул жерде юрист катары мүчүлүштүктөр бар дегенге укугу жок”, — деди Жээнчороев.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>