Тажикстан Россияга айыл чарба экспортун көбөйтүүдө: Кыргызстанга жеткирүүлөр минималдуу бойдон калуудаЕАЭБде мунай жана газдын бирдиктүү рынокторун түзүү талкууланды: 2030-жылга чейинки пландарТокмокто аял жарандык никедеги жолдошун өлтүрүүгө шектелип кармалдыБишкек мэри борбор калаанын борборундагы курулуштар бузулган жерге курула турган фонтандардын долбоорун көрсөттүБишкекте тоолуу дистанциялар боюнча ачык чемпионат өтөтӨзбекстанда инфляция февраль айынын жыйынтыгы боюнча 7,3%ды түздү — ЕӨБдүн маалыматы
Парламентте эки депутат мушташып кете жаздады (видео)
19.10.2023 | 17:40
Бүгүн, 19-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Улан Бакасов менен Данияр Төлөнөв кайым айтышып, мушташып кете жаздады.
Жыйында Транспорт министрлигинин иши тууралуу маалымат угулмак. Бирок жыйынга транспорт министри Тилек Текебаев келбегендиктен депутат Төлөнөв министрликтин маалыматын 20-октябрда фракциянын отурумунда министрдин катышуусу менен угууну сунуштады. Бирок Бакасов маалыматты бүгүн угууну сунуштап, бир пикирге келе албаган эки депутат талаша кетип, бири-бирине жулунду. Аларды кесиптештери кармап токтотуп калды.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом