Самаркандда Жээнбек Кулубаев менен АКШнын мамкатчысы Марко Рубио жолугуштуКыргызстанда кыймылсыз мүлктү каттоону кечиктиргендиги үчүн туум киргизүү сунушталуудаОш шаарындагы эски базардын ордуна эс алуу жайы жана туристтик шаарча курулатЫсык-Көл облусунда миң гектардан ашык кунарсыз жайытка үрөн себиле баштадыЭки оркестр, эки өлкө: Бишкекте кыргыз-швейцар марш-парады өттүКыргызстанда өзгөчө айкалыштагы унаа номерлеринин сертификатын кайра каттоо онлайн форматка өттү
Парламентте эки депутат мушташып кете жаздады (видео)
19.10.2023 | 17:40
Бүгүн, 19-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Улан Бакасов менен Данияр Төлөнөв кайым айтышып, мушташып кете жаздады.
Жыйында Транспорт министрлигинин иши тууралуу маалымат угулмак. Бирок жыйынга транспорт министри Тилек Текебаев келбегендиктен депутат Төлөнөв министрликтин маалыматын 20-октябрда фракциянын отурумунда министрдин катышуусу менен угууну сунуштады. Бирок Бакасов маалыматты бүгүн угууну сунуштап, бир пикирге келе албаган эки депутат талаша кетип, бири-бирине жулунду. Аларды кесиптештери кармап токтотуп калды.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом