5 жыл мурда саткан мүлккө салык төлөш керекпи? Салык кызматынын жообу

5 жыл мурда саткан мүлккө салык төлөш керекпи? Салык кызматынын жообу

Жарандардан 5 жыл мурда саткан мүлкүнө салык алуу туура эмес. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Улукбек Ормонов билдирди.

Депутат Министрлер кабинетине бул маселени кайра карап чыгууну сунуштады. Анын айтымында, жарандардан акыркы эки жылда төлөнбөгөн салыктарды гана талап кылган туура.

“Жарандар 5-6 жыл мурда саткан кыймылсыз жана кыймылдуу мүлкүнө 10 пайыз салык төлөө боюнча кагаз алып жатышат. Убагында төлөбөгөнү үчүн айыппулу дагы кошулуп жатат экен. Ооба, салыкты төгүш керек, бирок бул жерде бир гана жарандар эмес, салык кызматкерлеринин дагы күнөөсү бар. Минкаб карап чыгып, бир чечим кабыл алышы керек”, — деди Улукбек Ормонов.

Мамлекеттик салык кызматынын Reporter.kg’ге билдирүүсүндө, Кодекске ылайык салыктык милдеттемелер 6 жылга чейин эскирбейт.

Сатып алынган мүлктү бир жылга жетпей кайра сатса анда 10 пайыз киреше салыгын төлөөгө туура  келет.

“Бул жаңы норма эмес. Ал Салык кодексинин мурунку редакцияларында да болгон, бирок 2022-жылга 2 жылды түзсө, азыр 1 жылга кыскарган. Мүлктү кайра сатуудан киреше алган жарандар календардык жылдын жыйынтыгы боюнча салык декларациясын тапшырышы керек”, — дейт мамлекеттик мекеме.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>