Парламенттин төрт фракциясы Нурлан Шакиевдин талапкерлигин колдоду

05.10.2022 | 14:29

Жогорку Кеңештин үч фракциясы жана бир депутаттык топ “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясы парламенттин төрагалыгына сунуштаган Нурлан Шакиевдин талапкерлигин колдоду. Бул тууралуу бүгүн, 5-октябрда жалпы жыйында вице-спикер Улан Примов билдирди.

Анын айтымында, ага төрт фракциядан сунуш түшкөн.

Жыйында ал билдиргендей, “Элдик” депутаттар тобу, “Ишеним”, “Альянс” жана “Ата-Журт Кыргызстан” фракциялары парламенттин төрагалыгына Нурлан Шакиевдин талапкерлигин колдошту.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар
Scroll to Top