БШК Нурланбек Азыгалиевди депутаттык мандатынан ажыраттыЧүй проспектиси менен Абдрахманов көчөсүнүн кесилишиндеги жер үстүндөгү конструкция жакынкы арада бузулатСадыр Жапаров кыргызстандыктарды Аталар күнү менен куттуктадыЖК депутаты Нурланбек Азыгалиев мандатын тапшырууга арыз жаздыКыргызстанда англис тили мугалимдерин даярдоо реформасы британиялык эксперттердин колдоосуна ээ болдуЖакынкы Чыгыштан 142 жаран Кыргызстанга эвакуацияланды
Песков: Путин Зеленский менен жолугушуудан баш тартпайт, бирок…
14.04.2022 | 17:22
Орусия менен Украинанын президенттеринин жолугушуусу үчүн тиешелүү шарттар даярдалышы керек деп билдирди Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков.
Ал Владимир Путин жолугушуу өткөрүү мүмкүнчүлүгүн эч качан четке какпаганын эске салды.
“Азырынча жолугушууга байланыштуу бул маселе боюнча эч кандай жаңылык жок. Биздин президент мындай жолугушуудан принципиалдуу түрдө баш тарткан эмес, бирок ага тиешелүү шарттар даярдалышы керек, тактап айтканда, документтин тексти,” – деп билдирди Песков.
Буга чейин Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Украина Орусия менен сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүн кечеңдетүүгө жана бузууга аракет кылып жатканын билдирген. Андыктан ал Киев бийлиги келишимдин долбоорун өзгөрттү деген маалыматка комментарий берген.
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар