Ысык-Көл: 65 жаштагы карыя дүкөндөн капчык уурдай качты

Ысык-Көл: 65 жаштагы карыя дүкөндөн капчык уурдай качты

Каракол шаарынын Токтогул көчөсүндө жайгашкан Ак-Ордо дүкөнүнүн ичинен столдун үстүндө турган сумкасынан кызыл түстөгү капчыгын белгисиз адамдар уурдап кеткен. Бул туурасында Ысык-Көл облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, Каракол шаардык милицияга арыз менен 1957 ж.т.  жергиликтүү тургун  Д.А. аттуу жаран кайрылган, келтирилген чыгымдар 12000 (он эки миң) сом, 400 (төрт жүз) АКШ доллары, тумар кылып жасалган 100 (жүз) евро  жана  майда акча бар экендигин арызында билдирген.  Жалпы чыгым 60 000 (алтымыш) миң сомду түзгөн.

Милиция  тарабынан «Мал уурулук» оперциясы жүрүү учурунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган (мурда соттолгон) 65 жаштагы  Каракол шаарынын тургуну Б.Б. аттуу шектүү кармалып тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.

Учурда кылмышка шектүү Б.Б. үстүнөн башка кылмыштарга тиешеси бар, же жоктугу текшерилип, тергөө иш амалдары жүргүүзүлүдө.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>