Постто турган ыктыярчыларды сөккөн милиционердин өздүгү аныкталды — видео

Постто турган ыктыярчыларды сөккөн милиционердин өздүгү аныкталды — видео

Фильтрациялык постто турган ыктыярчыларды уят сөздөр менен сөккөн милиционердин өздүгү аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 17-апрелде Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, окуя 14-апрель күнү болжол менен саат 08:00 чамаларда Токтогул районунун Кара-Суу айылында болгон.

“Окуя боюнча Жалал-Абад ОИИБдин ички коопсуздук кызматы тарабынан кызматтык иликтөө жүргүзүлгөн. Анын жыйынтыгында түзүмдүн жетекчисинин буйругу менен Токтогул РИИБдин Терек-Суу аймактык милиция бөлүмчөсүнүн нөөмөтчү-инспектору А.А. ээлеген кызматынан төмөндөтүү менен бошотулду. Ага катар эле Терек-Суу аймактык милиция бөлүмчөсүнүн башчысына жана Токтогул РИИБдин жетекчилине тартиптик жазалар жарыяланды”, — деп жазылат маалыматта.

Буга чейин постто турган ыктыярчыларды балит сөздөр менен сөккөн  милиция кызматкеринин видеосу интернетке тарган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>