Премьер-министр Бишкек – Нарын – Торугарт жолундагы унаа кырсыгынын күбөсү болду

Премьер-министр Бишкек – Нарын – Торугарт жолундагы унаа кырсыгынын күбөсү болду

3-ноябрь күнү Бишкек – Нарын – Торугарт жолунда жол кырсыгы болуп, жүк ташуучу унаа оодарылып кетти. Бул учурда жолдон өтүп бараткан премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев токтоп, айдоочунун абалын сурады.  Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин басма сөз катчысы Улан Жумаков жазды.

“Кечээ Бишкек– Нарын –Торугарт жолунда жүк ташыган унаа оодарылып кетип, элдер унааны тургузууга жардам берип жаткан убакта премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өтүп баратып токтоп калды. Ал унаадан түшүп айдоочунун абалын сурады. Эч ким жабыркабагандыгына карабай көзөмөлгө алуу тапшырмасын берди”, —  деп жазган Жумаков.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>