Президент энергетиктердин “чексиз электр энергиясы” демилгесин сынга алды

Өлкөдө электр энергиясына чектөөлөр киргизилип жаткан маалда «Кыргызстан улуттук электр тармактары» АККы (КУЭТ) сунуштаган “чексиз тариф” демилгеси президент Садыр Жапаров тарабынан катуу сынга алынды. Мамлекет башчысы бул тарифти дароо токтотууну буйруп, аны кабыл алууга болбой турган жана коомдо социалдык бөлүнүүгө алып келиши мүмкүн болгон демилге деп атады. Муну менен энергетиктердин бай жарандарга чектөөлөрдөн “төлөп кутулуу” мүмкүнчүлүгүн сунуштоо аракети ишке ашпай калды.

Энергетиктердин сунушу: көбүрөөк төлөп, жарыкта отур
Жакында КУЭТ электр энергиясы жогорку деңгээлде колдонулган эртең мененки жана кечки маалдарда (5тен 3 кВтка чейин) электр кубатын берүүнүн көлөмүн убактылуу азайтарын билдирген. Бул чечим өлкөдө электр энергиясынын олуттуу тартыштыгынын фонунда кабыл алынган: 2025-жылдын он айында Кыргызстан 13,8 млрд кВт·с электр энергиясын керектесе, болгону 11,3 млрд кВт·с өндүргөн. Калган 2,7 млрд кВт·с жогорку баадагы импорттун эсебинен камсыздалууда.
Ошол эле маалда энергетиктер жарандарга “чексиз тарифке” өтүү жолу менен чыгууну сунушташты.
«Эгер кубаттуулук жетпей жатса, чексиз тарифке өтсөңүз болот. Бул үчүн биздин тармактык уюмга кайрылуу керек, бир-эки күндүн ичинде биз сизди бул тарифке кошуп, кубаттуулук лимитин көбөйтүүгө даярбыз», — деген КУЭТ өкүлү Исабек Орозбаев.
Баадагы айырма да чоң болгон:
- “Чексиз тариф”: 1 кВт·с үчүн 3,81 сом;
- Стандарттык тариф: 700 кВт·с чейин 1,37 сом, андан жогору 2,6 сом.
Ошентип, жарык өчпөй, бардык электр жабдууларды чектөөсүз колдонуу мүмкүнчүлүгү дээрлик үч эсе көп төлөй алган адамдар үчүн гана жеткиликтүү болмок.

Президенттин реакциясы: «Буга жол берилбейт»
Бул демилге коомчулукта кескин сынга кабылып, президенттин да көңүлүн бурду. Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагозовдун айтымында, Садыр Жапаров энергетика министри Таалайбек Ибраевдин аракеттерине терс баа берди.
«Электр энергиясынын тартыштыгы маалында мындай демилгелерге жол берилбейт жана коомдо социалдык бөлүнүүгө алып келиши мүмкүн», — деди президенттин басма сөз катчысы.
Мамлекет башчысы “чексиз тарифти” дароо токтотууну жана кышкы мезгилге карата бардык жарандар үчүн адилеттүү жана бирдей жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу боюнча чараларды көрүүнү тапшырды. Бирок электр энергиясына болгон чектөөлөр таңкы жана кечки сааттарда сакталып калышы толук мүмкүн.
Эксперттик пикир
«Чексиз тарифтин» жокко чыгарылышы энергетиктер үчүн суроо жаратты: суроо-талапты жөнгө салуунун кандай ыкмалары калды жана бул туш келди өчүрүүлөрдүн көбөйүшүнө алып келбейби?
Бул боюнча биз энергетика тармагынын эксперти Али Водяновдон комментарий алдык. Анын айтымында, маселени тариф менен эмес, жөнөкөй жол менен чечүүгө болот, ал үчүн жетишпеген электр энергиясын сатып алуу керек.
«Электр энергиясын сатып алыш керек. Дүкөнгө деле бир нерсе жетпей калса, барып сатып аласың, туурабы? Ушул сыяктуу эле сатып алгыла, былтыр да сатып алышкан, андан мурдагы жылдары да алганбыз», — деди эксперт.
Кыргызстан жетишпеген көлөмдөгү электр энергиясын кайдан сатып ала алат деген суроого жооп берип жатып, Водянов бул маалымат адатта жашыруун сакталат деди.
Эксперт кошумчалагандай, ашыкча керектөө үчүн кошумча төлөм мурда да болгон, бул жаңы нерсе эмес. Маселе аны азыркы абалдан чыгуунун жалгыз жолу катары көрсөтүшкөнүндө. Бул боюнча президенттин реакциясы адилетүү болуп саналат.
«Президент чыгып, мындай болбойт деп айтты. Демек, президент да ошол эле ойдо болушу мүмкүн [энергияны сатып алуу керек деп], ошон үчүн ошондой деди», — деп жыйынтыктады Али Водянов.