Президент эки күндүк иш сапары менен Ош облусуна барат

Президент эки күндүк иш сапары менен Ош облусуна барат

Президент Сооронбай Жээнбеков өлкө аймактарына болгон иш сапарын улантууда. Мамлекет башчысы 9-10-сентябрь күндөрүндө эки күндүк иш сапары менен Ош облусуна барат. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Сооронбай Жээнбеков Ош шаарында жана Кара-Суу районунда билим берүү жана медицина объектилеринин, аймактын ички жолдорунун курулушу менен таанышып, ошондой эле айыл чарба жана өнөр-жай ишканаларынын ишмердүүлүгүнөн кабар алат.

Мындан сырткары президент сот системин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын санариптештирүүнүн жана коронавирус пандемиясы шартында инфратүзүмдүк долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшүн көрүп чыгат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>