Президент эмне үчүн коронавируска каршы эмдөөдөн өтпөйт? Жооп

Президент эмне үчүн коронавируска каршы эмдөөдөн өтпөйт? Жооп

Президент Садыр Жапаров COVID-19 инфекциясына каршы эмделе элек. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз катчысы Галина Байтерек маалымдады.

Анын айтымында, мамлекет башчысынын вируска каршы антителолору көп болгондуктан, дарыгерлер эмдөөдөн өтпөөнү сунушташкан.

«Азырынча эмдөөнүн кажети жок», — деди Байтерек.

Эскерте кетсек, 29-март, дүйшөмбү күнү коронавирус инфекциясына каршы эмдөөнүн биринчи этабы башталат. Кытайлык SinoPharm вакцинасы менен эмдөө жүргүзүлөт, экинчи ирет 25-28 күн аралыгында кайрадан эмделет. Эмдөө ыктыярдуу түрдө жүргүзүлөт.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда алгачкылардан болуп саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев эмдөөдөн өтөт.

Саламаттык сактоо министри коронавируска каршы эмдөөдөн биринчи болуп өтөт

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>