Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктадыКыргызстанда айыл чарбасын каттоо башталды: маалыматтарды чогултуу 10-апрелге чейин уланат21-мартка карата аба ырайыИшеним аркылуу коопсуздук: Кыргызстан ШКУну жаңы механизмдер менен толуктоодоБА өлкөлөрүндө энергоинфраструктуранын эскириши 80%га жетти: ЕӨБ энергетикалык коопсуздук үчүн тобокелдиктер жөнүндө эскерттиНооруз майрамы быйыл президенттин катышуусунда Нарын шаарында белгиленет
Президент Кыргызстандыктарды Курман айт майрамы менен куттуктады
11.08.2019 | 11:10
Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 11-августта, кыргызстандыктарды Курман Айт майрамы менен куттуктады.
Мамлекет башчысынын куттуктоосун Президентик Аппаратын жетекчиси Досалы Эсеналиев Бишкектин эски аянтындагы Айт намаз учурунда окуду.
Президент Курман Айт майрамы жалпы пенделерди ынтымак менен биримдикке чакырган улуу майрам экенин белгилеген.
“Тилеген тилектерибиз, асыл максаттарыбыз орундалып, Жараткан бүгүнкү курмандыктарды кабыл кылсын.
Коомубуздун ынтымагы бекем, ыйманы таза болуп, бардык кыргызстандыктарды жакшылык жылоолоп, ийгилик коштоп жүрсүн. Ар дайым элибизде биримдик, жерибизде тынчтык, мамлекетибизде өнүгүү болсун”, – деген президент.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом