Сыймык Жапыкеев кыргыз тили боюнча тестти экинчи аракетинде тапшырдыТүнкүсүн үшүк жүрүп, күн ачык болот: 25-октябрга карата аба ырайыБишкекте аймактын келечегине арналган ири эл аралык форум өттүАкжол Махмудов Астанадагы күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыктыМСК Душанбе шаарында салыктык башкарууда ЖИ колдонуу тажрыйбасын тааныштырдыЛионель Месси Астурия принцессасынын сыйлыгынын лауреаты болду
Фарид Ниязов баш болгон Атамбаевдин тарапташтары эки айга камалды
11.08.2019 | 08:31
Президенттик аппараттын мурдагы башчысы Фарид Ниязов 8-октябрына чейин камакка алынды. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарды.
Фарид Ниязов 7-августта мурдагы президент АлмазбекАтамбаевди кармоо операциясында учурунда УКМКнын “Альфа” бөлүгүнүн кызматкерлерин барымтага алуу фактысы боюнча шектелүүдө.
Ушундай эле факты менен Атамбаевдин тарапташтары КСДПнын мүчөлөрү Кыяз Смайлов, Алга Кылычев жана Амантур Жамгырчиев кармалып, алар да 8-ноябрга чейин ИИМдин тергөө абагына киргизилди.
Төртөөнө тең Кылмыш-жаза кодексинин “Адамды барымтага алуу”, “Массалык башалмандык уюштуруу” жана “Кылмышка катышуу” беренелери боюнча айыптар тагылды.
Ал эми мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 26-августка чейин УКМКнын Тергөө абагына камалган.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат