Президент Садыр Жапаров 7-июлда эртең менен президенттин иш башкармалыгынын атайын ооруканасында медициналык кароодон өттү.
Болжолдуу маалыматтарга караганда, өлкө башчы бутунан жаракат алган.
Атайын ооруканадан президент пландуу текшерүүдө болгонун билдиришти.
Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев бул пландуу медициналык кароо болгонун билдирип, “өлкө башчынын ден соолугу жакшы”, — деди.