Президент Садыр Жапаров элге маанилүү кайрылуу жасайт

04.04.2022 | 18:07

Президент  Садыр Жапаров бүгүн, 4-апрелде, түз эфирде өлкө калкына маанилүү кайрылуу жасайт. Бул туурасында өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, кайрылуу КТРК, республикалык жана облустук телеканалдардын эфиринде, социалдык тармактардагы баракчаларда көрсөтүлөт.

Эфир 18:30да башталат.

Scroll to Top