Кумтөр кени боюнча Centerra Gold менен келишимге кол коюлат

Кумтөр кени боюнча Centerra Gold менен келишимге кол коюлат

Бүгүн, 4-апрелде Кыргызстан канадалык Centerra Gold компаниясы менен өз ара дооматтарды жөнгө салуу боюнча келишимге кол коет. Бул тууралуу бүгүн, 4-апрелде Бишкекте өтүп жаткан социалдык кызматкерлердин республикалык жыйынында президент Садыр Жапаров билдирди.

Мамлекет башчынын айтымында, кол коюу кечки саат 18:30да түз эфирде көрсөтүлөт.

“Кумтөр” алтын кени боюнча тынч, эч кандай соттошуусу жок ажырашып жатабыз. Бул иш Кыргызстандын пайдасына чечилип жатат. Биздин жетишкендигибиз мына ошол “Кумтөр” болду. Бул кенден башка дагы 30дан ашуун алтын кен чыккан жерлерибиз бар. Аларды өзүбүз иштетебиз деп, “Көчмөндөр мурасы” аттуу холдинг түздүк. Мына ошондой артыбызда ишенген булагыбыз болгону үчүн айлык акыларды көтөрүп жатабыз,- деди Жапаров.

Айта кетсек, президент Садыр Жапаров 1-апрелден тарта 309 миңге жакын социалдык тармактын кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатууга 2022-жылдын 9 айына кошумча 26 млрд сом бөлүнгөнүн айткан.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>