Орусия 52 өлкө менен аба каттамдарын жандандырды

Орусия 52 өлкө менен аба каттамдарын жандандырды

9-апрелде Орусия COVID-19 вирусунун жайылышынан улам мурда киргизилген ондогон өлкөлөргө үзгүлтүксүз жана чартердик каттамдарга коюлган чектөөлөрдү алат. Бул тууралуу аталган өлкөнүн өкмөтүнүн сайты премьер-министр Михаил Мишустинге шилтеме берүү менен билдирди.

Ал авиация тармагы жана жарандар күтүп жаткан тиешелүү документке кол койгонун тактады.

«Ооруга чалдыккандардын деңгээли төмөндөөдө, демек, орусиялык авиакомпаниялар үчүн жеткиликтүү болгон багыттарды кеңейтүүгө убакыт келди. Эми алар 15 штатка чектөөсүз уча алышат… Азыр биз 52 өлкө менен аба каттамдарын жандандырып жатабыз”,-деди Михаил Мишустин.

Эске салсак, Орусия 2020-жылдын 27-мартынан тарта пандемияга байланыштуу башка мамлекеттер менен үзгүлтүксүз жана чартердик каттамдарды токтоткон.

2022-жылдын 9-мартында Орусия COVID-19 вирусуна байланыштуу сегиз өлкөгө – Азербайжан, Армения, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан жана Иранга болгон аба каттамдарына киргизилген чектөөлөрдү алган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>