Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Аталар күнү менен куттуктадыЖК депутаты Нурланбек Азыгалиев мандатын тапшырууга арыз жаздыКыргызстанда англис тили мугалимдерин даярдоо реформасы британиялык эксперттердин колдоосуна ээ болдуЖакынкы Чыгыштан 142 жаран Кыргызстанга эвакуацияланды15-мартка карата аба ырайыТалас мамлекеттик университетинин жаңы имараты курулууда
Президент төрт министрди дайындады
07.10.2022 | 17:40
Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, төрт министрликтин жетекчилери дайындалды.
Президенттин басма сөз кызматы маалымдагандай, алар Конституциянын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктунун негизинде дайындалышты.
– Максутов Алтынбек Аскарович маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри;
– Текебаев Тилек Кыдырмаевич транспорт жана коммуникациялар министри;
– Мамбетакунов Уланбек Эсенбекович билим берүү жана илим министри;
– Ибраев Таалайбек Өмүкеевич энергетика министри болуп дайындалды.
Эскерте кетсек, буга чейин энергетика министрлигин Доскул Бекмурзаев жетектеп келсе, маданият министри кызматын Азамат Жаманкулов, билим берүү министри болуп Алмазбек Бейшеналиев жана транспорт министри кызматын Эркинбек Осоев ээлеп турган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат