Тажикстан Кыргызстандын элчисине каршылык нотасын тапшырды

Тажикстан Кыргызстандын элчисине каршылык нотасын тапшырды

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын элчиси Эрлан Абдылдаевге каршылык нотасын тапшырды. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Маалыматка караганда, кыргыз элчиси бүгүн, 7-октябрда Тажикстандын ТИМине чакырылып, ага каршылык нотасы берилген.

Нотанын тапшырылышына Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы Чыңгыз Кустебаевдин Владимир Путин Эмомали Рахмонго ыйгарган орденге байланыштуу жасаган комментарийи себеп болгон.

Эскерте кетсек, 4-октябрда Путин Эмомали Рахмонго «Ата Мекен алдында сиңирген эмгек үчүн» орденин ыйгарган. Ага байланыштуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы Чыңгыз Кустебаев билдирүү жасаган.

16-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы абал кайрадан курчуп, Тажикстандын агрессиясынан улам куралдуу кагылыш башталган.

УКМК Тажикстан Кыргызстандын аймагын басып алууга аракет көрүп жатканын билдирген. Кагылышты токтотууга аракеттер көрүлүп, эки өлкөнүн УКМК башчылары, президенттери ортосунда ок атууну токтотуу боюнча макулдашуулар болгон. Ага карбастан ок атышуулар дээрлик түнгө барып басылган.

Камчыбек Ташиев чек арадагы жаңжалдын айынан аскер жана жай тургундар арасында курман болгондор бар экенин билдирген.

Кыргызстанда 19-сентябрь улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланды.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги 14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында болгон куралдуу кагылыш боюнча билдирүү жасап, Тажикстан алдын ала пландап, Кыргызстанга кол салганын билдирди.

Куралдуу кагылыштын айынан Кыргызстан тараптан 63 киши, анын ичинде 50 аскер курман болуп, 206 адам ар кандай жаракаттарды алган.

Бүгүнкү күнү чек арадагы абал тынч бойдон сакталууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>