Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору Болотбек Тиллебаевге жүктөлгөн эмгек милдеттерин жетиштүү деңгээлде аткарбаганы үчүн сөгүш жарыяланды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, тийиштүү тескемеге мамлекет башчысы Садыр Жапаров кол койгон.
Тиллебаев УТРКнын башкы директору болуп 2023-жылдын март айында дайындалган. Ага чейин директордун орун басары болуп иштеген.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз