Кримчөйрөнүн өкүлүн өлтүрүүгө аракет кылган шектүү кармалды

Кримчөйрөнүн өкүлүн өлтүрүүгө аракет кылган шектүү кармалды

Жалал-Абаддын Сузак районунда кылмыш чөйрөсүнө аралашкан адамды өлтүрүүгө аракет кылган шектүү кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя 30-августка караган түнү болжол менен саат 00:30да болгон. 29 жаштагы Н.С. аттуу киши таксиде бара жатканда белгисиз адамдар Hyundai Getz унаасы менен келип, такси унаасын ок атуучу курал менен аткылап кетишкен.

Натыйжада Н.С. аттуу жаран октон жараат алып, Жалал-Абад облустук бириккен клиникалык ооруканасына жаткырылган. Жабыркаган адам криминалдык чөйрөнүн өкүлү болуп саналат.

Аталган фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 37-122-беренеси (адам өлтүрүүгө аракет кылуу) боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында шектүү катары Сузак районунун 28 жаштагы Б.М. аттуу тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Кармалган адамдын үстүнөн башка жаран «опузалоо» боюнча арыз жазып, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>