Кыргыз-Өзбек университетинин ректорлугуна сынак жарыяланды

Кыргыз-Өзбек университетинин ректорлугуна сынак жарыяланды

Билим берүү жана илим министрлиги Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин ректорунун бош кызмат ордуна сынак жарыялайт.

Министрликтен маалымдашкандай, конкурстук тандоого бош кызмат ордун ээлөө үчүн белгиленген квалификациялык талаптарга жооп берген 65 жаштан ашпаган жарандар катыша алат.

ЖОЖдун ректору кызматына квалификациялык талаптар:

1) жогорку кесиптик билим;

2) илимий даражасынын жана илимий наамынын болушу(илимдин кандидаты / PhD доктору, доцент);

3) 5 жылдан кем эмес илимий же илимий-педагогикалык иш стажы.

Дареги: Бишкек шаары, К.Тыныстанов көчөсү, 257, Билим берүү жана илим министрлиги, 210-кабинет.

Маалымат алуу үчүн: 0312- 66-47-19 (Билим берүү жана илим министрлигинин Адам ресурстарын башкаруу бөлүмүнүн адиси Калия Серкебаева)

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>