Президент Жээнбеков Москвада өтө турган Жеңиш парадына катышат

Президент Жээнбеков Москвада өтө турган Жеңиш парадына катышат

Президент Сооронбай Жээнбеков Москвада 24-июнда өтө турган Жеңиш парадына катышат. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

«Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Москва шаарында 24-июнда өтө турган Жеңиштин 75 жылдыгына арналган юбилейлик парадга катышат», — деп билдирген Орусия президентинин аппаратынын өкүлү.

Улуу Ата Мекендик согушка Кыргызстандан 360 миңден ашуун адам аттанган. Алардын үчтөн бири кайтып келген эмес, ал эми 72 кыргызстандыкка каармандыгы үчүн Советтер Союзунун Баатыры наамы берилген . Кээ бирлерине бул наам эки ирет ыйгарылган.

Коронавирус пандемиясынан улам 9-майда өтпөй калган Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына арналган парад 24-июнда өтөрү белгилүү болгон.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>