Президенттик балаты онлайн-форматта өттү — сүрөттөр

Президенттик балаты онлайн-форматта өттү — сүрөттөр

Президенттик балаты онлайн-форматта өттү. Бул тууралуу президенттин маалымыт кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен балдарга арналган жаңы жылдык иш-чара бүгүн, 27-декабрда, онлайн-форматта өтүп, ал КТРКдан түз эфирде чагылдырылды.

Ага өлкө башчынын милдетин аткаруучу Талант Мамытов катышып, өтүп бараткан жылда дүйнө жүзүндө коронавирус илдетинен көптөгөн мамлекеттер жабыркап, Кыргызстанда дагы бул оору көптөгөн көйгөйлөрдү, анын ичинде билим берүү жаатында бир топ түйшүктөрдү жаратканын айтты.

Ошондой эле ал жаңы жылда Кыргызстандын балдары мектеп программаларын өздөштүрүп, көңүлдөрүнө жаккан китептерди көп окуп, кыйышпас досторду таап, татыктуу билим аларына тилектештигин билдирди.

Президенттик балаты чыгармачыл балдар жамаатынын катышуусунда концерттик, театрлаштырылган программа менен коштолду.

[su_image_carousel source=»media: 52825,52826,52827,52828,52829,52830,52831,52832,52833,52834,52835,52836″ crop=»none» autoplay=»4″]

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>