Президенттик шайлоо: Дагы бир талапкер жарыштан чыкты

Президенттик шайлоо: Дагы бир талапкер жарыштан чыкты

Президенттикке талапкер болгусу келгендердин бири Ильгиз Товкеев Борбордук шайлоо комиссиясына арызын кайтарып алуу үчүн кайрылды. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, Ильгиз Товкеевдин арызы боршайкомго бүгүн, 7-декабрда келип түшкөн.

Белгилей кетсек, мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоонун үгүт иштери 15-декабрда башталат, ал эми 2021-жылдын 10-январында шайлоо өтөт.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>