Президенттик шайлоо. Учурда шайлоочулардын алдын-ала саны 3,5 млнду түздү

Президенттик шайлоо. Учурда шайлоочулардын алдын-ала саны 3,5 млнду түздү

18-декабрга карата мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоого алдын-ала тизмедеги шайлоочулардын саны 3 миллион 556 миң 864 түздү. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын башчысы Нуржан Шайлдабекова билдирди.

Анын айтымында, ар бир адам 29-декабрга чейин шайлоо участогуна келип, «Тизме» мамлекеттик порталынан өзүн тактап алуусу керек же 119 номерине чалып (акысыз чалуу), жеке ПИН-номери менен SMS жөнөтүү аркылуу шайлоочулардын тизмесинен өзүн тактай алат.

«2020-жылдын 23-декабрына карата шайлоочулардын тизмесиндеги маалыматтарды тактоо боюнча 308 арыз келип түшкөн, анын 137си шайлоочулар УШКларында отургандыгына байланыштуу четке кагылган, бекитилген чектерге ылайык, 171 аткарылган; Шайлоо дарегин өзгөртүү боюнча 10 арыз келип түшкөн”, — деди Шайлдабекова.

Белгилей кетсек, мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январында өтөт. Ага 18 талапкер ат салышууда.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>