Президенттин куттуктоосу: Мекен жүгүн тарткан аялдар дагы арбын
Президент Садыр Жапаров Мекен коргоочуларды бүгүнкү майрамы менен куттуктады.
Анын айтымында, 23-февраль – Ата Мекенге ак кызмат өтөп, кийинки муунга үлгү болгон уул-кыздарды даңазалооо күнү.
“Бул майрам бизге ата-бабаларыбыздан мураска калган Ата Мекенди көздүн карегиндей сактоо, аздектеп-сыйлоо милдетибизди эскертип турат. Анткени, мекенчил сезимин көкүрөгүнө уюткан ар бир жаран үчүн Ата Журтун коргоо – ыйык да, бийик да милдет, ары сыймыктуу кызмат!”, – дейт Садыр Жапаров.
Өлкө башчысы мекен жүгүн бир гана эр-азаматтар эмес, кыз-келиндер да кошо тартышып келерин белгилейт.
“Аскерде кызмат кылып, армиянын жашоосуна баш-оту менен кирип, бардык кыйынчылыктарын кабагым-кашым дебей, берген антын бекем туткан аялзатынын өкүлдөрү арбын”, – дейт ал.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз