КРда уюлдук телефондор менен түз спутниктик байланышка тыюу салуу каралууда — долбоорКант шаарынын башчысы Улан Майлибашев акимдер менен мэрлер арасында автоматтан ок атуу боюнча мыкты аталдыБишкекте уй эти 680 сомдон сатылууда — даректериКыргызстанда экопродукцияларды жалган маркировкалагандар үчүн айып пул салынат — мыйзам долбооруВИЧ жана гепатитке каршы борбордогу тыгылыш жана узун кезек — Саламаттык сактоо министрлигинин түшүндүрмөсүТалас облусунда шагыл казган жана мыйзамсыз таштанды төккөн компанияларга айып пул салынды
Өпкөсүнүн бир бөлүгү алынган жаран түрмөдө оор жумушка тартылган
23.02.2024 | 09:40
№43 мекемесинде кургак учуктан кесепетинен операция болуп, өпкөсүнүн бир бөлүгү алынган К.К. аттуу жаран оор жумушка тартылган. Бул тууралуу Акыйкатчы институту билдирди.
Маалыматка караганда, Жаза аткаруу мекемесинде соттолгон жаран курулуш иштерине салынган.
Акыйкатчы Жамиля Жаманбаеванын кайрылуусунан кийин соттолгон жаран оор жумуштан бошотулуп, ал эми адам укуктарынын бузулушуна жол берген жабык мекеменин кызматкерлерине карата Жаза аткаруу кызматынын жетекчилиги тарабынан чара көрүлгөн.
Акыйкатчы мамлекеттик органдарды эркинен ажыратуу жайларында соттолгондордун майып статусун алуу укуктарын караган документти кабыл алууну тездетүүгө чакырат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом