Садыр Жапаров жабыркаган аскер кызматкеринин ишин жеке көзөмөлүнө алдыБаткенде алимент төлөөдөн качкан жаран 2 жылга эркинен ажыратылдыБарскоон – Бедел унаа жолун куруу боюнча мамлекеттик дирекция түзүлдүБаткенде аскер кызматкери оор жаракат алды: депутат шашылыш жардам көрсөтүүнү сурандыКыргызстанда жарандарды каттоо эрежелерин жөнөкөйлөтүү сунушталдыБишкекте ат минип эс алуу: 5 метр алыстык жана кенеге каршы спрей
Президенттин маалымат катчысы элчи болуп дайындалды
31.10.2023 | 17:34
Президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев Кыргызстандын Беларустагы элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу өлкө башчысынын маалымат кызматы кабарлады.
Эрбол Султанбаев элчилик менен бирге Кыргызстандын КМШдагы туруктуу ыйгарым укуктуу өкүлү ишин дагы аркалайт.
Ал 32 жашта, Кыргыз-орус славян университетин Банк иштери боюнча бөлүмүн аяктаган.
Эрбол Султанбаев 2021-жылдын май айынан бери Садыр Жапаровдун маалымат катчысы кызматын аркалап келген.
Кыргызстандын Беларустагы элчиси Эрмек Ибраимов бүгүн кызматынан бошотулду.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом