Милиция Ош базарда мыйзамсыз дары саткандарга рейд уюштурду (видео)

Милиция Ош базарда мыйзамсыз дары саткандарга рейд уюштурду (видео)

ИИМдин Баңгизаттарга каршы күрөшүү кызматы Бишкектеги Ош базарынын аймагында мыйзамсыз дары саткандарга каршы рейд уюштурду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ИИМдин аталган кызматына Саламаттык сактоо министрлигинин Дары-дармек жана медициналык техника департаментинен Ош базарда балдарга күчтүү таасир этүүчү дарылар сатылып жатканы тууралуу билдирүү түшүп, биргелешкен текшерүү иштерин жүргүзүү зарылдыгы кабарланган.

Рейддин жүрүшүндө контейнерлердин биринен алдын ала маалыматтар боюнча, «Т» аталышындагы күчтүү дары салынган жазуусу жана аты жок 22 бөтөлкө табылып, алынган.

Табылган бөтөлкөлөр тиешелүү түрдө таңылып-оролуп, мөөр басылып, юридикалык баа берүү үчүн Бишкек шаарынын Ленин райондук милициясынын Тергөө кызматына жөнөтүлгөн.

Рейдге Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, Жогорку Кеңештин депутаттары Чыңгыз Айдарбеков, Аида Исатбек кызы күбө болгон.

ИИМ күчтүү таасир берүүчү дары-дармектерди таратып, саткан жарандар мыйзамга ылайык кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертет.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: ИИМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>