ИИМдин Күзөт кызматында “Санарип күзөт” долбоору ишке киргизилди

ИИМдин Күзөт кызматында “Санарип күзөт” долбоору ишке киргизилди

Бүгүн, 31-октябрда ИИМдин Күзөт кызматында өлкөнү санариптештирүүнүн алкагында “Санарип күзөт” долбоору ишке киргизилди. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Иш-чарага ички иштер министринин орун басарлары милициянын Октябрь Урмамбетов, Сүйүнбек Ниязбеков, Бишкек шаардык милициянын башчысы Азамат Токтоналиев, генералдар клубунун башчысы Садырбек Дубанаев, ИИМдин Ардагерлер кеңешинин төрагасы Султан Жоошбаев, Күзөт кызматынын мурдагы башчысы Талант Исаев, Күзөт кызматынын ардагерлер кеңешинин мүчөлөрү катышты.

“Келген конокторго ИИМдин Күзөт кызматынын “Санарип күзөт” борборунда Бишкек шаарынында жайгашкан орто мектеп жана банк мекемесин айгай белгиси боюнча GPS-картасы, боди-камера менен камсыздалган кармоо топторунун тейлөөсү түз көргөзүлдү.

“Санарип күзөт” долбоорун ишке ашырууда ИИМдин Күзөт кызматынын борбордук көзөмөл пунктунда иштеп жаткан пультардын эскилиги келип жеткендиктен, мурунку аналогдук пульттар алмаштырууга туура келип, бүгүнкү күндө Россияда жайгашкан завод-ишканалар менен тыгыз иш жүргүзүлүп, заманбап санариптешкен “Проксима”, “Навигард” жана “Лунь” пульттары кайтарымсыз түрдө алынып келип ишке берилди”, — деп билдирет министрлик.

Долбордун алкагында, кайтарууда турган объектилердин автоматташтырылган толук базасын түзүүдө, анын ичинде ар бир объектинин чиймелери, фотосүрөттөрү, жоопкер адамдарынын тизмеги жана кайтаруу каражаттары аркылуу бөгөт коюу, кайтаруу зоналары боюнча маалыматтары ар бир пультка киргизилген. Бирдиктүү сервердик башкаруу системасынан кармоо топторунун электрондук планшеттерине кайтарууда турган объектиден айгай сигналы автоматтык түрдө келип түшүшү каралган.

“Санарип күзөт” долбоорун ишке ашырууда, видеодубал, бодикамераларын, докстанциясын жана сервердик каражаттарын мамлекеттик сатып алуу порталына киргизилип, жалпы суммасы 4 млн 535,5 миң сомго сатылып алынды.

Жыйынтыгында ИИМдин Күзөт кызматынын БКПна видеодубал орнотулуп, бодикамералар Бишкек шаардык түзүм бөлүмдөрүнүн кармоо топторуна берилип, программалык жабдылыштары жүктөлдү. ИИМдин бирдиктүү базасына кошулду.   

Бодикамераларды кубаттандыруу убактысында чогулган маалыматтарды автоматтык түрдө көчүрүп алуучу архивдик сактоочу сервердик каражаттынын “Докстанциясы” компьютердик жабдыгы  ИИМдин Күзөт кызматынын нөөмөт бөлүмүнө орнотулуп ишке берилди”, — деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, чакырылган коноктор нөөмөт бөлүгү жана ИИМдин Күзөт кызматынын башчысынын кабинетинде санарип күзөт дубалынын байланышынын иштеши менен тааныштырылган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: ИИМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>