Президенттин маалымат кызматы: Эл аралык аэропорт Ошто дагы курулат

04.12.2023 | 17:13

Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Мады жана Отуз-Адыр айылында пландалган аэропорттун курулушу ишке ашат. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Аскат Алагозов билдирди.

Ал социалдык тармактардагы “Ошто пландалган аэропорт Жалал-Абад шаарына салынмай болуптур”, – деген билдирүүлөрү четке какты.

“Бул чагымчыл мүнөздө экенин белгилеп, жарандарга жалган маалыматты таркатуу тийиштүү мыйзамдардын чегинде тескелерин, ал үчүн жоопкерчилик каралганын эске салабыз”, – дейт Аскат Алагозов.

Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын майында Садыр Жапаров жаңы салына турган аэропорттордун долбоорлору менен жеринде таанышкан.

Анда Ош жана Жалал-Абад шаарындагы аэропорттордун ордуна ипотекалык негизде берүү үчүн көп кабаттуу үйлөрдү куруу каралганы маалымдалган.

Белгилей кетсек, Камчыбек Ташиев Жалал-Абадда эл менен жолугушууда аймакка ири эл аралык аэропорт куруларын айтты.

Ташиев: Жалал-Абад өлкөдөгү эң үлгүлүү шаарга айланат (видео)

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Scroll to Top