Психотроптук дарыларды мыйзамсыз сактаган. Бишкекте “Дем-Нур” медициналык борборунун ээси кармалды

ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы Бишкек шаарындагы “Дем-Нур” медициналык борборунда психотроптук заттарды мыйзамсыз сактоо жана сатуу фактысын аныктады.
Текшерүүнүн жүрүшүндө борбордун ээси, 71 жаштагы О.Ш. тийиштүү лицензиясы жок эле баңги жана алкоголдук көз карандылыгы бар адамдарды дарылап келгени белгилүү болду. Тергөөнүн маалыматында, ал психотроптук заттарды мыйзамсыз сактоо, колдонуу жана сатуу менен алектенген.
Клиниканы тинтүү учурунда 18 ампула психотроптук зат, 600 ампула жана 16 таңгак ар кандай дары-дармектер табылып алынды. Шектүүнүн жашаган дарегинен дагы психотроптук заттар табылган.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо) боюнча кылмыш ишин козгоду. О.Ш. убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө иштери уланууда.