Путин КМШ өлкөлөрүн улуттук валютада эсептешүүгө чакырды

13.10.2023 | 15:42

Владимир Путин КМШ мамлекеттерин соода-сатыкты улуттук валютада жүргүзүүгө чакырды. Бул тууралуу ал бүгүн уюмдун Бишкекте өткөн жыйынында билдирди.

Россия президентинин пикиринде, шериктештик ишенимдүү жана натыйжалуу кызматташтыктын үлгүсүн көрсөтүүдө.

“Өзүбүздүн иденттүүлүгүбүздү сактагыбыз келеби-жокпу – ар кимдин өз тандоосу. КМШ алкагында кызматташуу ага жолтоо болбойт, тескеринче улуттук кызыкчылыктарды күчөтөт”, – дейт ал.

Владимир Путин Россиянын өнөктөштөрүнө кысым жасалып жатканын белгиледи.

“Коркуруп-үркүтүп, буйрук берүү аракети көрүлүүдө. КМШ мамлекеттеринин лидерлери – өздөрүнүн улуттук кызыкчылыктарын жогору коюшат. Биз аны түшүнөбүз. Келечекте дагы мамилебиз ушундай өңүттө болоруна ишеним артам”, – деди Россия президенти.

Ал Россия шериктештиктин азык-түлүк муктаждыгын быйыл дагы камсыздарын, эгин 50-60 миллион тонна экспорттолорун айтты.

“Мен досторубуздун, КМШ өлкөлөрүндөгү кесиптештерибиздин муктаждыгы бар экенин билем. Баары канааттандырылат”, — деди Путин.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Scroll to Top