Садыр Жапаров Түркмөнстандын президентин баатыр наамын алышы менен куттуктады (видео)

Садыр Жапаров Түркмөнстандын президентин баатыр наамын алышы менен куттуктады (видео)

Президент Садыр Жапаров Бишкекке КМШ саммитине катышуу үчүн келген Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Жолугушууда эки өлкөнүн алакасы тууралуу тууралуу сөз болгон. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Садыр Жапаров Сердар Бердымухамедовду Түркмөнстандын баатыры наамын алышы менен куттуктаган.

«Сизге Түркмөнстандын баатыры наамынын ыйгарылышы менен куттуктайм. Бул сиздин жогорку кесипкөйлүгүңүздүн жана өлкөдө сиз ээ болгон кадыр-баркыңыздын айкын далили болуп саналат. Боордош Түркмөнстандын алдыдагы өнүгүү мезгили, сиздин жетекчилигиңиз алдында жаңы жетишкендиктердин, мындан аркы өнүгүп-өсүүнүн баскычы болуп каларына ишенем», — деди ал.

Эскерте кетсек, сентябрь айында Халк Маслахатынын (жогорку өкүлчүлүк орган) жыйынында Сердар Бердымухамедовго Түркмөнстандын баатыры наамы тапшырылган.

Түркмөнстандын баатыры наамы жарандарга президенттин жарлыгы менен тапшырылат. Ал эми президентке аталган наам парламент (межлис) тарабынан ыйгарылат.

Сердар Бердымухамедов 2022-жылы март айында Түркмөнстандын президенти болгон. Ал — Түркмөнстандын мурдагы өлкө башчысы Гурбангулы Бердымухамедовдун уулу. Гурбангулы Бердымухамедов да буга чейин эки жолу Түркмөнстандын баатыр наамын алган. Андан тышкары Гурбангулы Бердымухамедов — бир катар мамлекеттик сыйлыктардын ээси. Учурда ал Халк Маслахатынын төрагасы кызматын ээлейт.

Сердар Бердымухамедов атасынын жолун жолдоп, Түркмөнстандын баатыры болду

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>