Видео: Чүйдө жол милициясы кош бойлуу келинди төрөтканага чейин жеткирди

Видео: Чүйдө жол милициясы кош бойлуу келинди төрөтканага чейин жеткирди

Чүй облусунун жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери төрөтү келип калган келинди төрөтканага чейин коштоп жеткиришти. Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди.

«Болжол менен саат 10:00до Дача-Суу айылынын жанынан Honda CR-V унаасынын айдоочусу саммит учурунда «Бишкек — Манас» унаа жолунда кызмат өтөп жаткан Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлерине жардам сурап кайрылган. Ал унаадагы келини төрөт үйүнө бара жатып, кыйналып жаткандыгын айтып, ооруканага жеткирип коюну өтүнгөн.

Ошол замат кызматкерлер радиостанция аркылуу жетекчилике чыгып, коштоп жүрүүгө уруксат сурап, андан соң аларды Бишкек шаарынын 6-төрөт үйүнө коштоп барып, сак саламат жеткиришкен», — деп айтылат маалыматта.

Кийин айдоочу келини аман-эсен көз жарып алгандыгын айтып, Чүй облусун кызматкерлерине ыраазычылыгын билдирген.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: ЖКККБ Чүй

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>