Раим Матраимов атайын эсепке 646 млн сом которду

Раим Матраимов атайын эсепке 646 млн сом которду

Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Раим Матраимов Финансы министрлигинин экономикалык мунапыс үчүн ачылган бирдиктүү депозитине 646 миллион сом которду. Бул тууралуу КТРКнын эфиринде Борбордук казынанын жетекчисинин орун басары Мирлан Шабданов билдирди.

Атайын кызмат Матраимов кармалганын 20-октябрда кабарлап, ал өзү жана бажыдагы башка кызмат адамдары 2016-жылдын башында бажы системасында коррупциялык схема түзүшкөнүн, мамлекетке өзгөчө чоң өлчөмдө зыян келтирген бул схема азыркыга чейин иштеп турганын билдирген.

Ошол эле күнү сот Матраимовду тергөө менен кызматташканы үчүн эч жакка кетпөө жөнүндө тилкат жазып берүүгө милдеттендирип бошоткон.

Матраимов УКМКнын айыптоосу тууралуу комментарий берген эмес.

19-ноябрда Каржы министрлиги Матраимов кылмыш ишине байланыштуу казынага төккөн сумма 536 миллион сом болгонун кабарлаган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>