Талас мамлекеттик университетинин жаңы имараты курулуудаСадыр Жапаров менен UIM президенти Ысык-Көлдө F1H2O дүйнө кубогун өткөрүү мүмкүнчүлүгүн талкуулаштыОш шаарындагы Курманжан Датка көчөсүнө акация көчөттөрү отургузулдуШайырбек Ташиев депутаттык мандатын тапшырдыТИМ: Жакынкы Чыгыштагы кыргызстандыктарды эвакуациялоонун кезектеги этабы башталдыСот аткаруучулар кызматынын жетекчисинин орун басары Кубанычбек Капаловдун cөөгү табылды
Райымбек Матраимовдун каерде экендиги тууралуу маалымат берилди
19.07.2024 | 11:44
Мурдагы бажычы Райымбек Матраимов үй камагына чыгарылган эмес. Бул тууралуу маалыматты Reporter.kg’ге Жогорку Соттон билдиришти.
Биринчи май райондук сотунда Матраимовдун бөгөт чарасы каралган жок.
УКМК дагы маалыматты четке кагып, мурдагы бажычы абакта экенин тактады.
Иликтөөчү журналист Болот Темиров кечээ анын үй камагына чыгарылганын жазган.
Эскерте кетсек, быйыл жыл башында Райымбек Матраимов издөөгө алынганы белгилүү болгон. Кийинчерээк ал УКМК тарабынан 26-мартта Азербайжандан Бишкекке алынып келген.
Ал 26-августка чейин камалган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом