Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов иниси Райымбек Матраимовдун өлкөдөн чыгып кеткендиги тууралуу маалматты четке какты.
Ал өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына жазган билдирүүсүндө, депутат Ирина Карамушкинаны сына алган.
«Кесиптешим Матраимов үй-бүлөсүн алып, Кыргызстандан чыгып кетти деген жалган маалымат таратты. Бүгүнкү күндө биздин Үй-бүлөө карата, каалагандай жалааны жабыштыра берсе болот деп жатышат окшойт. Анын айткан сөзү калп экенин билдирем», — деп жазган ал.
Бажы кызматынын мурдагы орунбасары , коомчулукка “Раим миллион” деген ат менен белгилүү Райымбек Матраимовду» үй бүлөөсү менен бирге өлкөдөн чыгып кетти» деп биринчиледен болуп Ирина Карамушкина Фейсбукка жазган эле.
Белгилей кетсек, 21-ноябрда “Азаттык”, “OCCRP” жана “Kloop” маалымат агенттигинин “Бажыдагы миллиондор: Карактоо жана калкалоо” деген иликтөөсү жарыяланды.
Анда Хабибулла Абдукадыр аттуу уйгур үй-бүлөнүн карго компаниясы аркылуу Кыргызстанга кирип-чыгып турган мыйзамсыз миллиондогон долларлар жана Райымбек Матраимовдун бул ишке тиешеси баяндалат.