Райымбек Матраимовдун кайда экени айтылды

Райымбек Матраимовдун кайда экени айтылды

Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов иниси Райымбек Матраимовдун өлкөдөн чыгып кеткендиги тууралуу маалматты четке какты. 

Ал өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына жазган билдирүүсүндө, депутат Ирина Карамушкинаны сына алган. 

«Кесиптешим Матраимов үй-бүлөсүн алып, Кыргызстандан чыгып кетти деген жалган маалымат таратты. Бүгүнкү күндө биздин Үй-бүлөө карата, каалагандай жалааны жабыштыра берсе болот деп жатышат окшойт. Анын айткан сөзү  калп экенин билдирем», — деп жазган ал. 

Бажы кызматынын мурдагы орунбасары , коомчулукка “Раим миллион” деген ат менен белгилүү Райымбек Матраимовду» үй бүлөөсү менен бирге өлкөдөн чыгып кетти» деп биринчиледен болуп  Ирина Карамушкина Фейсбукка жазган эле.

Белгилей кетсек, 21-ноябрда “Азаттык”, “OCCRP” жана “Kloop” маалымат агенттигинин “Бажыдагы миллиондор: Карактоо жана калкалоо”  деген иликтөөсү жарыяланды. 

Анда Хабибулла Абдукадыр аттуу уйгур үй-бүлөнүн карго компаниясы аркылуу Кыргызстанга кирип-чыгып турган мыйзамсыз миллиондогон долларлар жана Райымбек Матраимовдун бул ишке тиешеси баяндалат.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>