Казакстан менен чек арада бир миллион сомдон ашык суммадагы дары-дармектерди мыйзамсыз алып кирүү аракетине бөгөт коюлдуЖалал-Абад облусунда жерди мыйзамсыз басып алуу фактысы аныкталды: мамлекетке келтирилген зыян 15 млн сомдон аштыКыргызстанда көмүр тармагын колдоо жана салык салууну жөнөкөйлөтүү боюнча жаңы мыйзам даярдалуудаКыргызстан менен Россия агросектордогу кызматташтыкты күчөтөт: Москвадагы жолугушуулардын жыйынтыгы4-апрель: Көпчүлүк аймактарда жаан жаайтСогуштан кийинки дүйнө: баатыр шаарлар жана эс тутум тууралуу талаш-тартыштар
Райымкулов бир мандаттуу округдан шайлоого катышат
02.10.2021 | 14:12
Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Райымкулов бир мандаттуу шайлоо округунан депутаттыкка талапкер катары документтерин Борбордук шайлоо комиссиясына тапшырды.
Ал Жайыл-Панфилов шайлоо округунан ат салышат.
Кыргызстанда 28-ноябрда өтө турган парламенттик шайлоо жаңы Конституциянын негизинде иштелип чыккан шайлоо мыйзамына ылайык өткөрүлөт. Жогорку Кеңеш 90 депутаттан туруп, алардын 54ү партиялык тизме жана 36сы бир мандаттуу округ аркылуу шайланып келет. Шайлоого катышуу үчүн 72 партия БШКнын каттоосунан өткөн. Ал эми учурда 70ден ашык талапкер бир мандаттуу округдан шайлоого катышуу үчүн БШКга арыз берген.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат